Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду.
Скобеев 16-сентябрда Аскер прокуратурасына кезектеги суракка чакыртылып, тергөөчү камакка алган. Ал Биринчи май райондук соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу. Бирок ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. Егор Скобеев Алмазбек Атамбаевге козгогон кылмыш иштин алкагында «коррупция» боюнча шектелүүдө.