Президент Сооронбай Жээнбеков  2-октябрда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү каржы-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү иштөөсүн, Кыргызстандын экономикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүү үчүн ишкерлерге жана жарандардын кызыкчылыгында каржылык ресурстарды моблизациялоо керектигинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатын ишке ашыруунун алкагында район жана облустардагы экономикалык долбоорлорду колдоо боюнча коммерциялык банктар жана каржы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Аны менен бирге Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын системасында санариптик технологияларды жана автоматташтыруу процессин ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн жана өлкөдө банктык жана төлөмдөрдүн жаңы шарттарынын деңгээлин жогорулатуу боюнча мындан ары чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгына көңүл бурду.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстанда баалардын туруктуулугу камсыз кылынып жаткандыгын, 2019-жылдын августунда жылдык инфляциянын көлөмү 2% түзгөндүгүн белгиледи.

Улуттук банк 2019-жыл ичинде жалпы көлөмү 36 млрд сомду түзгөн 27 кредиттик аукцион өткөргөнүн белгиледи. Анын ичинде көпчүлүк бөлүгү — 27 млрд сом аймактарды өнүктүрүү максаты үчүн кредиттик аукциондордун алкагында сунушталды.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында «Элкарт» картасынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,3 пайызга көбөйдү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: