Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна байланыштуу Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды териштирген комиссияга кайрылды. Саясатчы Ошто кезектеги телеберүү тартып жүргөн журналисттин каракталышы боюнча жазылган макалаларга байланыштуу даттанган. Бул тууралуу маалымат аталган комиссиянын «Фейсбуктагы» баракчасына чыкты. Ал «Азаттыктын» орус тилиндеги сайтында текст түрүндөгү 11 макала жана журналист Ыдырыс Исаковдун бир видеорепортажы бар экенин белгилеген.

«12 макаланын 11инде радионун көз карашы жана алардын позициясын колдогон, коргогон тараптардын пикири жазылган», – деп белгиленген Матраимовдун даттануусунда.

Ал окуяны чагылдыруунун сапатына баа берүүнү, Журналисттик этика кодекси бузулуп-бузулбаганын текшерүүнү, жарык көргөн макалаларды талкуулаш үчүн тараптарды чакырууну, журналист Ыдырыс Исаковдун Матраимовдун тарапташы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн аныктыгын текшерүү боюнча демилге көтөрүүнү суранган.

Булак: Азаттык

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: