Нью-Йоркто питбуль ити Казакстандын ООНдо дипломатиялык миссиясын аткарып жаткан кызматкердин төрт жаштагы кызына кол салды. Учурда кичинекей наристе оор абалда экенин WCBS Radio маалымат таратты.

«Төрт жаштагы кыз, учурда оор абалда ооруканада жатат. Аны питбуль тукумундагы ит Бронкс шаарынын кичинекей тургунуна шейшемби күнү кол салган. Жабыркаган кыз ООНдун алдында иштеген Казакстан Республикасынын дипломаттын кызы болгон», – деп, айтылыт маалыматта.

Жергиликтүү полиция кызматынынын билдирүүсүндө тосулуп турган менчик үйлөрдүн короосунун биринен секирип чыккан ит жолдо мектеп автобусун күтүп турган кыздын бетин жана мойнун үзө тиштеген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 1