2-октябрь күнү Вологда — Тихвин — «Кола» унаа жолунда кыргызстандык айдоочу 37 жаштагы аялды сүзүп кетти. Кыргыз жараны 2021-жылга чейин Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганына карабастан мыйзамсыз жүргөндүгү аныкталды.

ГАЗелди башкарып бара жаткан 29 жаштагы айдоочу велосипедчен аялды сүзгөн. Оор жүк ташуучу унаага урунган 37 жаштагы аял алган жаратынан улам окуя болгон жерден жан берген.

Окуя Бокситогорск районунда болгонун “Невские новости” жазды.

Кыргызстандык айдоочу полиция бөлүмүнө жеткирилди.