Россияда кыргызстандыктар жасалма документтер менен таксист болуп жүрүшкөн

125

Россияда кыргызстандык жарандар Кыргызстандын жасалма документтери менен айдоочулук күбөлүгүн колдонуп жүрүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сентябрда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн аракети менен Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн колдонгон фактылар аныкталган. Жасалма документтерди колдонгон жарандар Россиянын аймагында жүрүүнү жеңилдетүү жана эмгектенүү максатында такталбаган жактар менен макулдашып, жалпы жарандык паспорт менен айдоочулук күбөлүктү акчага жасатышкан.

Кыргызстандын бир нече жарандары жасалма документтер менен жүргүнчүлөрдү ташып, таксист болуп эмгектенип жүрүшкөн:

– Ош облусунун 1988-жылы туулган Т.У. аттуу тургуну мөөнөтү өтүп кеткен паспорт менен маалыматы жок айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөн;

– Ош облусунун 1997-жылы туулган С.А. аттуу тургуну персоналдык идентификациялык номуру башка жаранга тиешелүү айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөн;

– Талас облусунун 1989-жылы туулган Р.Б. аттуу жана Жалал-Абад облусунун 1996-жылы туулган Б.С. аттуу тургундары мөөнөтү узартылган жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуп жүрүшкөн;

– Ысык-Көл облусунун 1996-жылы туулган А.С. аттуу тургуну маалыматы жок айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөн.

Жогорудагы фактылар боюнча Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле жасалма документтерди колдонгондордун иш-аракетинде Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (жасалма документтерди колдонуу) кылмыш белгилери аныкталды.

Учурда жасалма документтерди даярдоого тиешеси бар жарандарды аныктоо үчүн ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь