Сооронбай Жээнбеков ТТМКК Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту

107

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.

Багдад Амреев Кыргызстандын Түрк кеңешиндеги төрагалыгынын жыйынтыктары, Катчылыктын 2019-жылдын 14-15-октябрында Азербайжанда өтө турчу ТТМКК Саммитине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Сооронбай Жээнбеков ТТМККны түзүү жөнүндө Нахичеван макулдашуусуна кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы бүгүн экенин жана дал ушул күнү жолугушуунун символикалуулугун баса белгиледи.

Багдад Амреев Кыргызстандын төрагалыгы ТТМККнын тарыхында эң ийгиликтүү болгонун белгиледи. Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилинде Венгрия байкоочу статусуна ээ болуп, Өзбекстан Уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Ошол эле учурда Венгриянын борбору Будапештте Түрк кеңешинин Европалык Өкүлчүлүгү ачылды.

Мындан тышкары, Түрк кеңеши түзүлгөндөн кийинки 10 жыл аралыгында 55 иш чара, анын ичинен 15и — Кыргызстандын төрагалыгында өткөндүгүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Түрк кеңешине Өзбекстандын мүчөлүгү, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Будапешт шаарында Түрк кеңешинин Европалык өкүлчүлүгүнүн ачылышы тарыхый мааниге ээ экендигин айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь