Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун Башкы прокурору Мехмет Акарджаны кабыл алды.

Эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын кызматташуусу тууралуу пикир алышуу болду.Мамлекет башчысы Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 17-жыйыны ийгиликтүү өткөндүгүн канааттануу менен белгиледи. Кыргызстан үчүн Түркия маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп саналарын дагы бир жолу эске салды.

Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун Башкы прокурору Мехмет Акарджа Мамлекет башчысына кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Түркия Президенти Реджеп Тайып Эрдогандын жана Түркиянын Жогорку Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентопанын саламын айтты.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: