Ысык-Көлдүн Түп районундагы Санташ айылында Асылбаев атындагы орто мектептин окуучулары мончонун имаратында билим алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, мектеп 70 жыл мурун курулуп, ал бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Учурда мектеп авариялык абалда. Башка айылдар алыс жайгашкандыктан күн сайын окуучулар ал жакка барып билим алууда. Кыш ал айылда өтө суук. Башталгыч класстын 16 окуучусу коомдук мончодо окуп жатышат. Аталган айылда 3-4-классты бириктирүүгө аргасыз болушкан“, – дейт вице-спикер.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: