Казакстандын Павлодар облустук сотунун соттук коллегияларынын төрагасы Муратгали Акетай вотсапта тарап жаткан видео боюнча прокуратура менен полицияга кайрылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мессенджерлерде интимдик мүнөздөгү видео пайда болгон. Аталган видео тасмада аты аталган соттун эркек киши менен болгону “махабаты” тартылган. Облустук соттон аталган кызматкердин ал видеого эч кандай тиешеси жок деп билдиришкен. Ошентсе да, судья күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартып бергиле деп прокуратура менен полицияга арыз менен кайрылган.

Эске салсак, мурда социалдык тармактардын колдонуучулары Павлодар облустук сотунун судьясынын үнү делген видео таратышкан. Павлодар облустук сотунун судьясы айткан делген уят сөздөрү бар видеоролик ушул жылдын 28-сентябрында вотсап аркылуу тарап баштаган.

Павлодар облустук сотунун маалымат кызматы журналисттерге бул видео актуалдуу эмес деп билдирген. “Бул Актөбө облусундагы эски жаздыруу, бизде мындай факт катталган эмес. Кылмыш коллегиясынын төрагасы бар, бирок бул жазуу биздин судьяга эмес”, -деген.

Булак: NazarNews.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: