Өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерлерине көз катарактасын алуу жана башка көз ооруларын жок кылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат. Бул туралуу  министрликтин басма сөз кызматы билдирүү таратты. 

Маалыматта билим берүү тутумунун кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, бекемдөө жана социалдык, жеке – мамлекеттик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында билим берүү министри Каныбек Исаков менен  “Дордой офтальмик-сервис” көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов атайын келишимге кол коюшту.

Билим берүү кызматкерлеринин катаракта жана башка көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлөт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: