Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин абактан чыгарылып, өлкөдөн чыгып кетиши боюнча кылмыш иштин материалдары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаевге Жазык кодексиндеги 43-берененин 2-бөлүмү жана 319-берененин 2-бөлүмү (уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында жасалган коррупция) боюнча шектелип жатканы билдирилди.
«2-октябрда А.Атамбаевге, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаевага, ЖАМКтын мурунку башчысынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, Гематология борборунун башчысы Абдухалим Раимжановго айыптоочу акт тапшырылды», – деп айтылат маалыматта
Булак: баракелде