Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков бүгүн, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында болгон ACA (Absolute Championship Akhmat — ред.) турниринде жеңишти камсыздады.

Ал 61 килограмм салмакта чеченстандык спортчу Дукваха Астамиров менен беттешти. Мушкерлер үч раунддун аягына чейин кармашып, натыйжада Келдибеков калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.

ACA уюму турнирди YouTube каналы аркылуу түз эфирден көрсөтүп жатат. “Тайсон” октагонго экинчи болуп чыккан.

Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер үчүн бул маанилүү мелдеш эле. Анын “Ахмат” уюму менен түзгөн келишими ушуну менен аяктайт. Эгер атаандашын жеңсе, жаңы келишимге кол коюусу пландалган.

“Тайсон” ACA уюмунда соңку ирет ушул жылдын 26-январында беттешип, чеченстандык Хусейн Шайхаевге калыстардын чечими менен утулуп калган. Ал ММА боюнча 12 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген.

Ал эми кезектеги атаандашы Дукваха Астамиров аралаш мушташ боюнча төрт беттешти утуп, эки ирет жеңилген.

Булак спутник

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: