Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте «Борбор Азиядагы санариптик трансформация» аттуу эл аралык конференция өтүп жатат. Аны өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети, Борбор Азия Университети жана Жаңы технологиялар паркы уюштурган.

Конференцияда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков дагы сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө  «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргени жол эрежесин бузгандар да, жол кырсыктары да эки эсе азайганын билдирип санариптештирүүнүн алгачкы жыйынтыктары деп баалады.

“Бул долбоор өкмөткө пайда көздөгөн экономикалык долбоор эмес, жол кырсыгын жана өлүм-житимди азайтууга багытталган” – деди ал.

Ошондой эле санариптештирүүнүн алкагында дагы көптөгөн иштер жасалаарын кошучалады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: