Жалал-Абад облусунда Райондук электрондук тармагынын кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргондун тургуну РЭТдин юристи электер энергиясына болгон карызга байланыштуу соттук иштерди оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылган. Бул боюнча финполиция инспекторлоруну изилдөө иштери жургүзүлүп РЭТдин кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган.