Жакында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы тарабынан мэриянын кезектеги чиновниги кармалды. Ал мыйзамсыз берген жер тилкеси үчүн 2 миллион сом пара алууга шектелүүдө. Август айында эле башка муниципалдык кызматкер мыйзамсыз 8 батирди саткандыгы боюнча кармалган. Бул фактылар мэрияны эбегейсиз тазалоо ишинен кабар береби же андагы коррупциянын гүлдөшүбү? Бул жөнүндө Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 24 kgге интервью берген.

Кийинки мезгилде укук коргоо органдары мэриянын жана муниципалдык кызматтын мурунку же азыр иштеп жаткан кызматкерлери катышкан кылмыш иштерин жарыя кылышты. Сиз борбордогу чиновниктердин катарын тазалоо өнөктүгүн баштадыңызбы?

– Биз болгону мэриянын жер тилкелери жана мүлкү менен бизнес кылган чайкоочулар менен алдамчылардын жолун буудук.

-Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды. Ал мыйзамсыз жер тилкесин бөлүүгө айыпталып жатат.

– Жакында муниципалдык жер тилкесин сатууга аракеттенген биздин кызматкер кармалганы ырас. Ал мэрияда эл аралык байланыштар бөлүмүндө 2010-жылдан бери иштеп жүргөн. Өзү да, ал иштеген бөлүм да жер тилкесине ээлик кылууга эч кандай укугу да, тиешеси да жок болчу. Жалган документ жасап, ага башка кызматкерлердин колун алдамчылык менен коюп, жер тилкесин сатууга аракет кылган.

Бул иштин тарыхы 2016-жылы башталган экен. Үч жыл бою жергиликтүү бийликтин жетекчилери менен тил табышып, маселени чечүүгө жан далбас кылгандыктан, мага да бир нече киши ортого түшкөн. Биз баш тартканбыз. Анын үстүнө шаардык кеңеш 2018-жылы эле борбордо жер тилкесин сатууга мораторий жарыялаган. Менимче, тергөө бул иштин аягына чыгат жана алдамчылык топтун мүчөлөрүн аныктайт.

– Бүгүнкү күндө мунициалдык кызматкерлер тарабынан жасалган канча кылмыш иши жана мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду?

– Өндүрүштө 740 соттук иш бар, акыркы тогуз айда эле укук коргоо органдары көңүл бурууну талап кылган 205 акты жазып жиберишти. Албетте, биз мэрияны жана райондук администрацияларды тазалоо ишин баштадык. Ортомчулуктун, алдамчылыктын, чайкоочулуктун жолун укук коргоо органдары менен бирге аёсуз кесебиз.

– Ушундай адамдарды мэриянын структурасына киргизбөө үчүн шаардык жетекчилик эмне кылуу керек?

– Алар жумушка конкурс боюнча алынат, андай адамдардан кутулуу кепилдиги эч кимде жок, “кой аксагы менен миң дегендей”. Биз көзү ачыктардан эмеспиз, адамдын ички сырын билүү кыйын, “мал аласы сыртында, адам аласы ичинде”.

– Көбүнчө чыр-чатак жер тилке жана курулуш маселесине байланыштуу чыгат. Сиз кызмат ордуңузда бир жылдан ашык иштеп калдыңыз. Махинацияны талдоого жетиштиңизби?

– Баштадык, бирок аягына чыга элекпиз. Ошол эле учурда 37 гектар жерди мэрияга кайтарууга жетиштик. Мэрияда жерди арендага алуу эрежелерин өзгөртүү боюнча пикирлер айтылып жатат, азырынча мораторий жарыялоону туура көрүп турабыз. Жаңы Генералдык планды иштеп чыкканга чейин жер тилкелерин берүүгө жана аны ачык пландоо долбооруна мораторий жарыяланды. Мен иштеп жаткан мезгил убагында 1 сотка да жер сатылган жок. Көп жер тилкелери буга чейин мыйзамсыз сатылган, айрыкча жалпы пайдаланылуучу сейил бак, эс алуучу аянттарды бөлүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо зарыл. Жүздөгөн аянттарды бекер алышып, андан соң кымбатка саткан фактылар көп. Андай фактыларды болтурбоо үчүн жер тилкелерин берүү процедурасына системдүү реформа керек. Колдонулуп жаткан көп жоболор эскирген, ал документтерде коррупциялык тобокелчиликке жол берилип калганы байкалат, ошондуктан жаңы нормативдик актыларды иштеп чыгуу өтө олуттуу маселелерден. Биз жер тилкелерин бөлүүнүн электрондук соодасына өтүү сунушун шаардык кеңешке бердик.

– Шаардык башкармалык тармагында дагы кандай кара тактар бар? Сиз аларды кантип тартипке келтиресиз?

– Проблема көп. Негизгилери – жер жана курулуш маселеси курч мүнөздө. Ошондой эле шаардык транспорт түп тамырынан реформалоого муктаж. Бүт дүйнө бюджетти жүргүнчү транспорту аркылуу толуктайт, ал турмак транспорттон түшкөн кирешеден чоң автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бир гана Бишкек мэриясы чыгашага учуроодо. Микроавтобустарды карап көрүңүзчү. Алардын кирешеси баштан ашат. А жеке менчик ээси чыгашага эч качан иштебейт эмеспи.
Мектеп жана ооруканаларда бөлмөлөрдү базар баасынан төмөн баа менен ижарага берген фактылар бар. Дагы бир бергилей турган маселе муниципиалдык мүлктөрдү туура эмес пайдалануу да чечүүнү талап кылган олуттуу маселе. Аларды эффективдүү пайдаланганда бюджетке жакшы киреше түшмөк. Муниципиалдык менчикти инвентаризациялоону баштадык, азыркы мезгилге чейин 2 миң 939 обьект текшерилди. Турак жай-коммуналдык чарбага өзгөчө көңүл буруу зарыл. Менеджмент кызматын жакшыртып, кирешени көбөйтүү керек. Ошондо заманбап коммуналдык жана атайын техникаларды сатып алууга мүмкүнчүлүк болот. Коммуналдык техникаларды санариптештирүүгө мезгил жетти.
Көп арыздануулар менен нааразычылыктар социалдык тармакка таандык, калкты медициналык жактан тейлөө да реформаны талап кылат.

– Мэр Суракматовдун жакынкы планында кандай иштер турат?

– Азырынча аба ырайы мүмкүнчүлүк берип турганда, “Чыгыш – 5” кичирайонундагы жүргүнчүлөр аймагын көрктөндүрүүнү аягына чыкканга жетишип калууга аракеттенип жатабыз. Түлөбердиев жана Көкчөтоо көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак аймагын реконструкциялоону жакында бүтөбүз.

Бишкекте жаңы сейил бак ачылды. Чыгыш магистралдын түштүк тарабында “Ынтымак” сейил багын бүтүрүп, жакында ачуу аземин өткөрдүк. Аталган магистралда дагы бир сейил бак ачууга даярдыктар башталды. “Сүйүү” сейил багынын ордуна “Ден соолук” сейил багын курабыз. Суук түшкөнчө Рысмендиев көчөсүнө 6,6 км узундуктагы веложолду бүтүрөбүз деп ойлойм. Аны бүтүрүү үчүн бир чакан көпүрөнү бүтүрүшүбүз керек. Щербаков жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишине дагы бир сейил бак курууга жана Тыналиев/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине веложол үчүн тендер жарыялайбыз. Чынгыз Айтматов атындагы эмен сейил багындагы көрктөндүрүү иштерин аяктап жатабыз. “Көчө-жолдорду өнүктүрүү тармагы” долбоорунун экинчи фазасын баштоо алдында турабыз. Бул долбоор боюнча Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатына 60 көчө оңдолот. Кытай грантына көчөлөрдү оңдоо иштери 2020 – жылы башталат. ЕБРР менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кредиттик-гранттык негизде жаңы автобуздарды сатып алуунун пландап жатабыз. Мектептерди жана бала бакчаларды кубаттандыруу, кеңейтүү үчүн жеке программанын негизинде иштер башталды. № 24 мектептин кошумча курулуш иштери бүткөрүлдү. Ушундай эле иштер № 19 мектепте башталды. “Тунгуч” кичирайонунда жаңы бакча курулуп жатат. Жуманын аягында “Кайыңды” кичирайонго курулуучу № 187 бала бакчанын капсуласы салынат. План да көп, иш да көп.