Баткенде көп балалуу 106 үй-бүлөгө турак жай берилди

112

Баткенде 106 үй-бүлө кайтарымсыз турак жай менен камсыз болду. Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарчанын ачылышына курулуш иштерин толугу менен каржылаган Кувейт мамлекетинен келген коноктор,  Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов баштаган жергиликтүү жетекчилер, шаар тургундары жана турак жай алуучулар катышты.

Социалдык шаарча 25 турак үйдөн, 4 батирден турат. Батирлерде жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлүп, эмеректер менен камсыздалган. Шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит салынган.Ошондой эле таза суу линиясы тартылып, ар бир үй таза суу менен камсыз болгон.

Аталган чоң обьект багуучусу жана турак жайы жок көп балалуу аялдарга кайтарымсыз пайдаланууга берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь