«Жаман» кол жазма — күчтүү акыл -эстин биринчи белгиси. Изилдөөгө көз салыңыз

915

Эгер кол жазмаңыз жаман болсо  кайгырбаңыз, балким, сиз генийсиз! Бүтүндөй дүйнө жүзүндө ата- энелер балдарды колуна калем кармагандан тартып, шурудай тизип сулуу жазуусун талап кылышат. Эгерде, бала кыйшак жазып жазгандарын окуганга мумкүн болбой жатса, “Сен эмне деп жазганыңды өзүң окуй аласыңбы?” “Чычкандын изи да сенин тамгаларыңан сулуураак” деген сыяктуу мектепте да үйдө да урушуп, айыптоолор башталат.

Бирок, жакын арада буга чейин маалым болбогон изилдөөлөрдүн натыйжасында, ошол ар дайым жеме уккан бактысыз балдар кол жазмасын өзгөртөм деп, убара тартпай эле коюшу керек экен. Анткени, La Vanguardia гезити басып чыккан “ Америкалык психология журналында” жазылгандай, кол жазмасы сулуу балдарга караганда, түз эмес начар жазгандардын ичинен – акылдуураак балдар көп чыгат деп аныкташкан. Себеби? Колго караганда мээ тезирээк иштейт.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, акылга салып ойлонуп отурган бала кол жазмасына анча маани бере бербейт. Алар үчүн алган маалыматты мээсинде иштеп чыгуу, аны кагазга сулуулап жазып түшүрүүдөн маанилүүрөөк болот. Кол жазма түрүндө жазууда – кол менен акыл эс тутум бирдей кыймылда болуп иштеш керек. Колдун манжалары гана туура абалда турбастан, көз – кол эмнени жазып жатканын көзөмөлдөп туруш керек. Кооздоп жазган баланын көңүлү жалгыз дептерге түшүп калат. Маалыматты улап угуп, же аны талдоого убактысы болбой калат. Адамда айтылган маалыматты дароо талдап, эске тутуп калуу жөндөмдүүлүгү күчтүүрөөк болсо, анда кол жазмасы начарыраак болот. Негизинен, кол жазманы жакшыртуу оор эмес. Болгону машыгуу жана аракет керек.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь