Коомубуз кол телефон чыкканы маданиятты дагы бир кадам артка таштады. Чынында, ошол байланыш куралы болгон телефонго чейин маданият дегенди анчалык түшүнчү эмес элек. Айтайын дегеним, коомдук жайларда өзүбүздү, сөзүбүздү тескей албайбыз.

Эми минтип интернет менен гаджеттердин түрү чыгып, адамдын чыныгы жүзүн ачып берүүдө. Бүгүн мен коомдук унаадагы телефон менен сүйлөшкөндү билбеген жана билгиси да келбегендерге токтолоюн деп чечтим.

Мен жашаган айыл шаардан алыс, ортодогу байланыш болгону бир автобус менен чектелген. Ага баарыбыз: жумушчулар, кызматкерлер, окуучулар, пенсионерлер, базарга бараткандар, айылчылап жүргөндөр… деги койчу баарыбыз чыгабыз.

Мына ошол автобустун телефон менен бир келин сүйлөшүп баратты. Апасы менен.

“Апа, түндө Айсалкындын (келини экен) толгоосу башталып, “роддомго” бардык. Врачтар карап көрүп, “мунуку эки “палец” эле ачылыптыр, али эрте, жакында төрөбөйт” деп айтышты. Анын мен келинди “бальнисага” таштап келдим. Ичим деп коркута берип тажатты да, аныңыз. Ии, апа, анан “тиягы эки “палес” ачылса, канчадан кийин төрөчү эле. Мен эстей албай жатам да… Азырбы? Азыр базарга баратам, астобустамын. Балага аны-муну сатып алып, даярдап коёюн да, акыры… Анан автобуста бекер кеткенче деп сиз менен сүйлөшүп атам да, апа…”

Көрсө, убакытты кыскарткандагысы экен. Апасы менен кызынын “таттуу” маегин автобустагы элдин баары укту. Ал келин уялган жок. Негедир мен уялдым. Жиним да келди. Толготуп төрөт үйүнө барганда, “тияктын” эки сөөм ачылганын унаадага отуз киши билиши керек беле? Же ошончолук эле апасы үчүн “маанилүү” кабар беле?

Ошентип, баягы келин “Ош” базарына чейин сүйлөшүп барып, телефонун кулагынан албай, сүйлөшкөн бойдон автобустан түшүп кетти…

Булак: mediaplov.asia

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: