Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда казак тарапка өтө албай турган жүк ташуучу автоунаалардын саны жүздөн ашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына таянып “Азаттык” жазды.

Билдирүүдө аталган жердеги коңшу өлкөдөгү “Карасуу” чек ара бекетинде инспекциялык-көзөмөл комплекстеринин иши үзгүлтүккө учураганы айтылат. Буга байланыштуу казак тарап саатына төрт-беш гана жүк ташуучу транспорт каражатын өткөрүп жатат. Жеңил автоунаалар жана жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшүнө чектөө байкалган жок.

Чек ара кызматы жүк ташуучуларды тилкеден өткөрүүдө кыргыз тараптан эч кандай чектөө жоктугун эске салат. Кабарда башка өткөрмө бекеттерде кезек жоктугу да белгиленет.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: