Атабековдун апасынын үйүн тоногон шектүүнү милиция кыйноого алып жатабы?

160

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелген кишини милиция кыйноого алып жатканын туугандары айтып берди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтуна таянып Sputnik Кыргызстан жазды.

6-майда ырчынын апасы Дариха Абдрахманова милицияга кайрылып, түндө анын үйүнө кирип, акча талап кылып, тапанча такап коркуткандарга карата чара көрүүнү суранган. Кылмышкерлер 60 миң доллар, 15 миң сом жана баалуу буюмдарды алып кеткен. Ырчы апасы жана карындашы менен жашай турганын айткан. Кийин шектүү кармалып, анын Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаасын тинтүү учурунда зер буюмдар далил катары табылган. Учурда башка шектүүлөр изделип жатат.

Шектүүнүн апасы И.Ж. аттуу аялдын айтымында, баласынын алибиси бар. Тагыраагы, тоноо болгон күнү анын уулу достору менен Ысык-Көлдүн Бостери айылына келин алып келүү үчүн Бишкекке барышкан. Аял белгилегендей, муну жол эрежеси бузулганы үчүн “Коопсуз шаардын” камерасына түшүп калган сүрөттөр далилдей алат.

6-майга караган түнү ал достору менен Бостеридеги кафелердин биринде досунун үйлөнгөнүн майрамдап ичип отурган. Муну дагы жанында жүргөн достору тастыктап беришкен. Аялдын айтымында, ошол күнү тартылган видеолор дагы бар.

Арыздануучу ошондой эле анын уулу Караколдогу кафелердин биринде отурган кезде милиционерлер анын унаасына буюмдарды таштап коюшу мүмкүндүгүн болжогон.

Кармоо учурунда милиционерлер анын унаасынын ачкычын алып, колуна кишен салуу менен өздөрүнүн унаасына отургузуп алып кетишиптир. Кийин укук коргоочулар баламды баягы кафеге кайра алып келип, унаасын тинтүүгө алышкан. Натыйжада багаждан зер буюмдар салынган баштык табылган имиш“, — деди шектүүнүн энеси.

Ал ошондой эле милиционерлер кафеде видеокамералар бар экенин байкап, жазууларды өчүртүп салышканын белгиледи. Аялдын айтымында, анын уулун Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишип, күнөөнү моюнга алдыруу үчүн кыйнашкан.

Шектүүнүн адвокаты киши сабалганын тастыктаган тактарды аныктаган. Ал эми Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы шектүү сабалганын тастыктаган дарыгерлердин маалым катын жарыялады.

Акыйкатчы Токон Мамытов ишти өз көзөмөлүнө алды. Ведомство маалыматты прокуратура органдары менен биргеликте текшерүүнү пландап жатат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь