Ош шаарында 24 жаштагы жигитке өз аялы кызганычтын айынан бычак сайган. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазды.

Маалым болгондой, 1995-жылы туулган А.И. аялы менен эки жылдан бери чогуу жашап келген.

«Аялынан жашырынып, башка келин менен жашап жүргөн. Аны билип калган аялы кызганычтын айынан өз үйүндө жолдошунун көкүрөк тарабына бычак сайган. А.И. Ош облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген», – деп билдирген аталган басылмага өздүк булактар.

Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктап, милицияга 30-сентябрда тез жардам кызматкери тарабынан адамга бычак сайылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, А.И.нин жашаган үйүнө кароо жүргүзгөн учурда короонун сыртынан эки даана аш бычагынан, короонун ичиндеги бастырмадан бир даана аш бычагынан, бир даана уюлдук телефондон кандын тактары алынган.

Ыкчам тергөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары өзүнүн аялы — 1996-жылы туулган Т.А. кармалып, 1-декабрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: