Таласта тазалыкты сактабаган айыл жашоочулары (видео)

98

Талас районунун Бекмолдо айыл аймагындагы Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун курууда казылган карьер, бүгүнкү күндө таштанды толгон аңга айланды. 2010-жылдары жол салып жаткан компания кум таш алуу үчүн карьер казып, кийин иш бүткөн соң рекультивация жасалбай калган.

Учурда бул таштанды жай жергиликтүү жашоочуларды жана бийликти беймаза кылууда. Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Кубанычбек Каныбековдун айтымында, аңга жергиликтүү айылдын эли төгүп жатат, башка жактан бирөө келип булгаган жок.

Таштанды таштоочу жайга малдын өлүгүнөн, үйдөн чыккан таштандыга чейин таштап кетишет. Айыл тургундары анын жагымсыз жыты, чирип кеткен картошкалардан малдар жабыркап жатканын айтышат.

Учурда бул аңды толтуруу үчүн Жерүй кенинде иш жүргүзүп жаткан “Алмаз алтын инженеринг” компаниясы экологияга зыяны жок кургак таштандыларды төгүп, талаптагыдай рекультивация жасоо ишин мойнуна алган.

Бекмолдо айыл аймагынын башчысы  аталган компания эч кандай химикат, органикалык заттарды төккөн жок деп ишендирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь