Жайыл районунда 45 жылга жакын мугалимдик кесипти аркалаган Тамара Сартпаева Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын “Ардак грамотасы” менен сыйланды. Аны мугалимдердин эл аралык күнүнө карата уюшулган иш-чарада Кара-Балта шаарындагы конгресстин өкүлү Жумагүл Сариева тапшырды.

Кошумчалай кетсек, бүгүн билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Жайыл райондук администрациясы Кара-Балта шаардык мэрия менен биргеликте салтанаттуу майрамдык иш-чара  өткөрдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев жана Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө аталган аймактын мектептериндеги 157 мугалим ардак баракча, төш белги жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: