Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек чет өлкөгө учуп кетүүдө. Анын аэропорттогу күтүү залында отурганын көргөндөр 24.kg агенттигине билдирген.
КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева бул маалыматты тастыктап, Атамбаевдин уулу өлкөдөн чыгып кетээрин айтты. Ал белгилегендей, Кадырбек аспирантурага тапшырууну көздөөдө. Анын кайсы жерде окуй турганы ачыкталган жок.