Социалдык тармактарда Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов жана Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевдин үчөө бирге түшкөн сүрөтү чыкты. Бул сүрөт интернет колдонуучуларды таң калтырып, чоң талкууга алынды.

Белгилүү болгондой алар Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү тоюнда бир ресторанда мейман болушкан.

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов бул сүрөттөр “саясаттын сырты эл үчүн, ичи өз үчүн” дегенди туюнтарын түшүндүрдү.  Анын пикиринде кандай жөнөкөй нерсе жасалбасын, бир максатты көздөйт. Көшөгө артындагы көрүнүштө эки саясатчынын орток пикирде болуп кетишинен эч шеги жок.

Кадырбек азамат экен. Кечээ эле жамандап аткан алдыңкы адамдарды эки жагына коюп сүрөткө түшүптүр. Саясаттын деңгээли ушуга түшүп кетти “,- дейт Калмаматов.

Ошондой эле тойго чакырылгандардын катарында Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Раиса Атамбаева ж.б. саясатчылар бар. Ал эми Өмүрбек Бабанов менен бирге “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаттары Казакбаевге арнап “Мой друг” деген ырды ырдашты.

Той.Видео Тимур Саралаев.

Опубликовано БеспределKG Воскресенье, 6 октября 2019 г.

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 1