Баткендеги прокурордун өлүмү. Сотко башкы прокурор чакырылган, бирок ал келбей жатат

94

Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү тууралуу иш боюнча соттук териштирүү уланууда.

Айыпталуучу Мелис Калыковдун эжеси Дамира Калыкованын айтымында, төрагалык кылып жаткан судья Жолборс Кудаяров калган 70тен ашуун күбөнү жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду суракка алуудан баш тартып жатат. Соттолуучунун тарапташтары Өткүрбек Жамшитовго билдирме баракчасы 2 жолу жиберилгенин, бирок ал сотко келбей жатканын айтышты. Мелис Калыковдун жактоочулары аны мажбурлап алып келүүнү талап кылышууда.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Булак: 24кж

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь