Бекназаров: Мамлекеттик чиновниктер Раиса Атамбаева менен бийлегендерин көрдүм (видео)

78

“Мен дагы Руслан Казакбаевдин тойуна бардым”. Бул тууралуу бүгүн саясатчы Азимбек Бекназаров маалымат жыйында билдирди.

Эске салсак, депутат Руслан Казакбаев уулун үйлөндүрүп жоон топ саясатчы, коомдук ишмерлерди конокко чакырган. Тойго буга чейин бири-бирин жамандап каматканга чейин барышкан саясатчылар бир дасторкондо жайбаракат чер жазып олтурушкан.

Айрыкча интернет булактарында Алмазбек Атамбаевдин уулу менен Өмүрбек Текебаев жана Өмүрбек Бабановдун түшкөн сүрөтү чоң талкууну жаратты. Социалдык тармактарда коомчулук саясатчылардын мындай кадамдарын эки жүздүүлүк катары сыпатташууда. Ал эми Азимбек Бекназаровдун айтымында той ээси менен жакшы мамиледе болгондуктан чакыруу алып тойго күбө болуп кайткан.

Бекназаров: Мен Р.Казакбаевдин тойуна бардым

Бекназаров: Мен Р.Казакбаевдин тойуна бардым

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Понедельник, 7 октября 2019 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь