Бишкекте Lexus GX 470 унаасынын 23 жаштагы айдоочусу жолдун ортосундагы тосмону сүзүп, андан соң оодарылып кеткен.
ЖКККББнан билдиргендей, жол кырсыгы 6-октябрда саат 22:40тар чамасында Суюмбаев көчөсүндө болгон.
Катуу келип тосмого урунган унаа оодарылып кеткен. Ал эми 1996-ж.т. Б.А. ооруканага жеткирилди. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, айдоочу мас болуп, күбөлөрдүн айтымында, ал жогорку ылдамдыкта айдап келе жаткан.
Унаа айып короого токтотулуп, териштирүү иштери башталды.