Бишкекте маршруткада бара жаткан киши жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу кыздын атасы Kaktus.mediaга билдирген. Анын айтымында 14 жана 16 жаштардагы эки кызы Военно-Антоновкадан маршруткага түшкөн. Эки аялдамадан кийин Новопавловкадан эркек киши түшүп, эң артындагы бош орунга отурган.

Бир нече убакыттан соң эркектин жанындагы орун бошоп, кыздардын улуусу барып отурат. Бир аз убакыт жылгандан кийин бейтааныш адамдын колу кыздын бутуна тийгенин сезет. Кыз кокустук болду го деген ойдо унчуккан эмес. Бир мүнөттөн кийин колун аласына салып жиберген. Өспүрүм “Эмне кылып жатасыз?” деп кыйкырып, жанындагы кишини колго чапкан. Анын жанынан обочороок жылып, кишини сүрөткө тартып алган. Ал эми ыдык көрсөткөн адам терезени карап отурган бойдон түшкөн эмес. Кыздар бара турчу жерине жеткенде түшүп калышкан.

Кыздардын атасы Бишкек ШИИББна арыз жазганын маалымдады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: