Окуучуну тебелеп кеткен автобустун айдоочусу тергөө абагына камалды

68

Бишкекте окуучуну тебелеп кеткен автобустун айдоочусу №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды. №18 автобустун айдоочусу Н. Сереновго карата мындай чечимди Сокулук райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын маалымат кызматы билдирди.

3-октябрда Маевкадан чыгып Күн-Тууну көздөй бараткан №18 автобустун айдоочусу элди түшүрүп жатканда, баланын эшикке кыпчылып калганын байкаган эмес. Ал окуучуну бир нече метрге чейин сүйрөтүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5-класстын окуучусу өзүнө келбей ооруканада каза болду.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь