Бүгүн, 7-октябрда Президент Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, Россиянын өнүгүүсүнө багытталган пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана Бишкекте 28-ноябрда өтүүчү ЖККУнун жамааттык коопсуздугунун Кеңешинин сессиясына даярдыктарды талкуулашты.

Президент Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путиндин дарегине туулган күнүнө карата куттуктоо телеграммасын да жөнөткөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: