Ысык-Көлдүн Тоң ашуусунда мал айдап бараткан эки чабанды кар көчкү басып калган. Бактыга жараша, алар көчкүнүн алдынан өз алдынча чыгып жардам сураган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Окуя кечээ, 6-октябрда, саат 14.30дар чамасында болгон. Көчкүдөн аман калышкан 43 жана 46 жаштагы малчыларга ӨКМден 6 куткаруучу, Тез жардам кызматы жана айыл аймагынан 7 адам тартылып, жабыркагандар Тоң райондук ооруканасына жеткирилген.

Чабандардын биринин буту сынса, экинчиси жамбашынан жаракат алган. Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Ал эми малын туугандары айылга айдап кетишкен.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: