Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан эки күндө алты адам каза болду. Бул маалыматты “Азаттыка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы башкармалыгынын кызматкерлери билдиришкен.

Кызыл-Кыядагы окуя 6-октябрда түштөн кийин болду. Кырсык үч адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Бирок кырсыктын башка жагдайлары азырынча белгисиз.

Ал эми Сүлүктү шаарындагы шахтадагы каргаша 5-октябрда болгон. Көмүр казылган жайдан чыккан газга ууланган беш адамдын үчөө мерт болгонун дарыгерлер тастыкташты. Каза болгондор туугандар экени кабарланды. Жабыркаган эки адамдын абалы канааттандырарлык.

Булак: azattyk.org