Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту

71

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы өлкөлөр боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту.

Премьер-министр Бүткүл дүйнөлүк банк жарыялаган Бизнести башкаруу – 2020 рейтингинде республика реформатор өлкөлөрдүн ТОП-20сына  киргендигин айтты.

«Мамлекет аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, калкты ичүүчү таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу маселесине,  аймактарда инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүп жаткан  ишкерлерди колдоого, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жана айыл чарбасын колдоого  чоң маани берүүдө жана күч жумшоодо. Ошол эле учурда Өкмөт Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну тездетүү үчүн болгон күчун жумшайт», – деди Абылгазиев.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы өлкөлөр боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук өлкөдөгү оңдуу өзгөрүүлөргө, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгынын оң натыйжаларын кубануу менен белгиледи. Ал аймактарды өнүктүрүү, билим берүү чөйрөсү жана салыктык башкаруулар боюнча даярдалып жаткан бирдиктүү долбоорлор тууралуу айтты.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы үчүн бекитилген лимиттеги 110 млн доллар көлөмүндөгү кошумча инвестиция  тартуу маселесин да талкуулашты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь