Кыргызстанда унаалар үчүн эки жол белгиси пайда болду — “Үйрөнчүк айдоочу” жана “Таксомотор”.

“Таксомотор (такси)” белгиси такси кызматтарын тартипке келтирет. Белги беш жана андан көп ак-кара түстөгү квадраттан туруп, шахматтык негизде жайгаштырылат. Аны унаанын кузовуна же шашкасына чаптап койсо болот.

“Үйрөнчүк айдоочу” белгиси унаага жаңы отургандарга берилет. Өкмөттөн билдиришкендей, мындай белги менен жүргөндөрдү көргөн башка тажрыйбалуу айдоочу аралыкты сактап, жол бошотуп берүүсүнө шарт түзөт.

Буга чейин “Үйрөнчүк айдоочу” — сары квадраттын ичине кара түстөгү илеп коюлган белги экени айтылган. Ал транспорттун (бардык түрүнө) арткы айнегине чапталат. Мындай белги тажрыйбасы эки жылга жетпеген айдоочуларга берилет.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: