Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычов мурдагы президентке каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев 24кж.ге билдирген.

Анын айтымында, Алга Кылычов тергөө менен кызматташуу макулдугун берген болушу мүмкүн.

Ал Алмазбек Атамбаев бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келгенин билдирет. Ошондой эле ал КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмөсүн берди. Алга Кылычовдун айтымында, бул адамдар массалык башаламандыкты уюштуруп жана барымтага алышкан“,- деди Замир Жоошев.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: