иллюстарциялык сүрөт

Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде үч маршрутка катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 7-октябрда эртең мененки саат 06:30 чамасында болгон. Mercedes Benz үлгүсүндөгү спринтер Аламедин-1 көчөсү тарапка жүрүп баратканда “Фрунзе” гипермаркеттин алдында башка спринтер бурулуп жатып биринчи спринтер менен кагышкан. Ошол эле убакта токтоп турган дагы бир маршрутканы сүзгөн. Кырсыктан эки айдоочу жабыркаган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, унаалар айып кароого токтотулган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: