Статистиканын маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө ар бир жетинчи никелүү түгөйдө балалуу боло албай жүргөн маселе кездешет. Мындан тышкары, перзенттүү болууда кездешкен көйгөйлөрдүн 40-50 пайызы эркектердин ден соолугуна түздөн-түз катышы бар.

Эгер эркектер күн сайын тамак рационуна кадимки жаңгакты кошсо, анын бел суунун курамы жакшырып, тукумсуздукка кабылуу тобокелдиги азаят дешет медицина адистери.

Изилдөө натыйжасы көрсөткөндөй, күнүнө бир ууч жаңгак (грек, бадам жана токой жаңгагын кошо алганда) жеген эркектерде эки жумадан кийин активдүүлүгү артып эле тим болбой, аталык урукта да оң натыйжа көрсөтөт.

Тагыраак айтканда, сперматозоидтердин өлчөмү 14 пайызга көбөйүп, алардын жашоо жөндөмдүүлүгү 4 пайызга өскөн. Кыймылы – 6 пайызга, морфологиясы (көлөмү менен формасы) 1 пайызга көбөйгөн.

Башкача айтканда, эркектердин тамактануусу менен эркектик жөндөмдүүлүгү абдан тыгыз байланышканы дагы далилденген.

Жаңгак менен жүргүзүлгөн изилдөө натыйжасын медицина тармагындагы окумуштуулар андагы омега-3 май кычкылы менен антиоксиданттар, В витамининин таасири менен байланыштырышат. Аталган заттар уруктукка абдан күчтүү таасир этерин адистер айтышат.

mediaplov.asia