Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун жарандык никедеги жубайы бар. Бул тууралуу ал өзү «Марал-шоу» программасына маек берип жатып айткан.

” Үй-бүлөм тууралуу айтсам, жарандык никеде жашообуз болгон, болуп келе жатат. Буюрса, быйыл элден бата алып, жакшы бир той кылабыз деген үмүт бар” — дейт ырчы.

Мындан тышкары, жакын арада Кыргызстан жана Орусия өлкөлөрүнө концерт коё турганын айткан.

” Концерттин аталышы «Ош-Бишкек-Москва» деп аталат. Буюрса, Ош шаарынан баштайлы деп жатабыз. Андан соң, Бишкек шаарына келип, акырында Москва шаарына барабыз да, жыйынтыктоочу кече өткөрөбүз. Бул концерттин өзгөчөлүгү: чыгармачылыгымды сыйлаган эң жакын, мыкты күйөрмандарыма билеттер чакыруу иретинде акысыз тартууланат”, — деди Сатыбеков.