Жээнбеков: ШКУ Саммити кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү

73

«Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарында июнь айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине даярдык көрүү жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы өткөн ШКУ Саммити өлкөнүн саясий жашоосундагы ири окуя болгонун белгиледи. Саммитке катышуу үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн — Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, жана ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрү — Иран, Афганистан, Белоруссия жана Монголиянын лидерлери келгенин эске салды.

«Дүйнөлүк державалардын лидерлери Бишкектен азыркы замандын эң актуалдуу маселелерин талкуулашып, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты. Миңдеген массалык маалымат каражаттары Бишкектеги саммиттин жүрүшүн дүйнөлүк телеканалдардан чагылдырышты. Дүйнөлүк коомчулук биздин өлкөдө өткөн ШКУ Саммитин 2019-жылдын эң чоң саясий окуялардын бири катары баалады», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мындай ири эл аралык иш-чараны өткөрүүдө кыргызстандыктар өз колдоосун көрсөтүшүп, биримдик жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүшкөнүн айтты.

Мамлекет башчысы ошондой эле куруучулардын, шаардык кызматтардын, ММК өкүлдөрүнүн жана чыгармачыл инсандардын чоң салымын белгилеп өттү. Бүгүн алардын көпчүлүгү мамлекеттик сыйлыктарды алышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь