“Кортекстин” кароолчусу шал оорусу менен жабыркаган кыздан отургучту талашып алган

108

Социалдык тармакта Юлия аттуу колдонуучу кечээ 7-октябрда медициналык борборго барып ташбоорлукка күбө болгонун айтат. Анын айтымында, шал оорусу менен жабыркаган кызынын баш мээсин тарттыруу үчүн “Кортекс” медициналык борборуна барган. Кезек көп жана кайрылуучулардын дагы саны арбын болгондуктан орундуктардын бири дагы бош болгон эмес.

Баласын көтөрүп турган Юлия МРТнын каттоосунун жанында бир отургучтун турганын көрүп ага кызын отургузат. Юлия белгилегендей баласы шал оорусу менен ооругандыктан ал баса албайт. Керектүү кагаздарды толтурганча кызынын жанына имараттын ичиндеги кароолчу келип,” бутуңду тартып түшкүн” деп урушкан. Эне байкап балып “кызым оорукчан, ал сиздин айткандарды түшүнбөйт жана баса албайт дагы” дейт. Кароолчу отургуч аныкы экенин айтып, бошотуп туруусун талап кылган.

Кезек күтүп тургандар кароолчуга баланын ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген экенин көрүп туруп, бул кылган кылыгыңыз туура эмес дешкен.

Эне баласын колуна алып отургучту бошотуп берген. Кароолчу телефонунан ар кандай тамаша тасмаларды көрүп, каткырып отургучта отурду дейт Юлия.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь