Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жөө адамдар өтүүчү көпүрөдөн унаа сууга түшүп кетти. Кырсыктан үч адам каза болгондугу айтылат. Хонда Фит унаасынын сууда жаткан видесу Короче-телеграм каналына жүктөлдү.

Кырсык 4-октябрга караган таңкы саат 04:00 чамасында болгон. Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары катталган. Учурда кырсык боюнча териштирүү иши жүрүп жатат. Жакындары маркумдарды соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.

Каза тапкандардын бири шаардагы аскер бөлүктүн кызматкери болсо, экөө Майлуу-Суу шаарынын тургундары экендиги белгилүү болду.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: