Депутат Руслан Казакбаевдин уулунун тою бүгүнкү күнгө чейин кызуусун тарата элек. Бул тойдогу сүрөттөрдөн кийин “сөзү менен иши башка саясатчылар” деген пикирлер  арбыды.

Фейсбук тарамагынын колдонуучусу ” Мадумаров менен Текебаев шайлоо алдында айтышканы эсиңердеби? Өмүрбек Текебаев Мадумаров менен дебатта: “менде фактылар бар, видеолор бар”-десе, “Өмүрбек Чиркешович, сиз видеого тартканды жакшы билесиз..”- деп Мадумаров сөзгө жыккан. Адахан Мадумаров 7-апрель бийлик алмашууга катышкандарды дагы “бомждар” деп атаган. Эми экөө эч нерсе болбогондой тойдо отурат, кучакташып, жетелешип ” деп кыжырданган пост жазган.

Ошондой эле Атамбаевдин аялы Раиса, уулу Кадырбектин бир тойдо Райымбек Матраимов менен табакташ болуп жүргөнүнө таң калбагандар дагы жок эмес.

Эми далил чогуу тойдо отурушат, бир жакшына болуп. Бабановду Атамбаев куугунтуктап, кылмыш ачтырганы белгилүү. Өмүрбек Бабанов Кадыр Атамбаев менен кучакташып жүрөт. Буларга түшүнүп болбойт, бүгүн душман эртең дос. Бары аралаш, бары бирдей. Буларды бөлүп карап, таламын талашып болушпай эле коюш керек. Кызыкчылыктары дал келген жерден элдин ишенимин сатып кете беришет. Ишенбегиле эки жүздүүлөргө! Алданбагыла“, -деген комментарийлерди калтырышууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: