Новосибирсктин базарында кыргызстандыктардын массалык мушташы болду (видео, сүрөт)

124

Орусиянын Новосибирск шаарындагы Хилокский базарында кыргызстандыктардын катышуусунда массалык мушташ орун алды. Жалпы 200дөй адам катышкан тополоңдун видеосун орусиялык маалымат каражаттары жарыялады. Орус басылмалары жазгандай алардын 50сү камалып, 5 адам ооруканага түшкөн.

Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын өкүлү Жаркынбай Тойтуков АКИpressке бул маалыматты тастыктап, окуя кечээ 7-октябрда болгонун айткан. Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын бир нече жаранынан алардын мурдагы жердеши акча талап кылган.

Акча талап кылган адам жана анын кишилери биздин мекендештерди сабап, акча талап кылып базарда иштөөгө тоскоолдук кылып келишкен“,-дейт Тойтуков.

Соодагерлер бул кордукка чыдабай, Кыргызстандын тургунуна таандык «Инфинити» унаасын өрттөп жиберишкен. Окуя болон жерге консул барып, учурда абал туруктуу экени айтылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь