9 адамдан турган памирлик үй-бүлө жаңы батирге көчүрүлдү

205
9 адамдан турган памирлик Рашиди Абдувалинин үй-бүлөсү башка батирге көчүрүлдү. Бул тууралуу Элдик Медиага Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Асангазы кызы Элнура билдирди. Маалым болгондой алар Нарын шаарына 2018-жылы ноябрь айында келишип, кайрылман макамына ээ болушкан.
Үй-бүлө жашап жаткан үйдүн ээси тамды сатып жибергенине байланыштуу башка батир издөөгө туура келген. Ал эми жергиликтүү бийлик таап берген батирден Абдувалинин үй-бүлөсү баш тартып коюшкан.
Өздөрү Ленин көчөсүнөн квартира таап кетишти. Оокаттарын көчүрүп келгенге Нарын шаардык мэриясынан автоунаа чечилип берилип, көчүрүлдү. Нарын шаарында шарты менен квартирага берүүлүчү тамдар кымбат, оңой менен табылбайт. Жергиликтүү бюджеттин акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу , квартира акысын төлөгөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Азыркы көчүп кирген батирдин акчасын жана комуналдык төлөмдөрдү бүт өкмөт мойнуна алат“,- дейт башкы адис.
Аялы Памири Халтун Памирден эле ооруп инсульт алган, ал майып катары 2250 сом жана баласы Муса Бай бала кезинен туубаса бүкүр болгонуна байланыштуу 6000сом жана 1215 сом мамлекеттик  жөлөкпул чектетилип берилди. Калган үч балага 1215 сомдон берилип, үй-бүлөнүн бир айлык жалпы ала турган акчасы 13110 сомду түзөт.
Учурда 6 бала мектепте окуса, бирөө бала бакчада тарбияланат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь