Памирден келген 9  бир туугандуу үй бүлө Кара-Балта шаарынан үй алды. Бул тууралуу жарандык активист Илгиз Шаменов өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. Үйдү Россияда иштеген Кылыч атуу кыргыз жаран белек кылган. Памирлик кыргыздар интернет аркылуу жардам сурап кайрылгандан кийин ар кандай колдоолор эл тарабынан берилген.

“Кудай буюруп кыргыз элибиз ар тараптан колдоо кылып, Рамазандын үй-бүлөсүнө акчалай жардам кылып, андан сырткары Кылыч деген бир тууганыбыз Россияда иштеп, ошол жакта жашаган тууганыбыз. 
Рамазанга 20 миң доллардын тегерегинде турган үйдү Кара-Балта шаарынан белек кылды!” 
-дейт Шаменов 

Ал эми Нарын шаардык мэриясы интернетке тараган видео боюнча түшүндүрмө берип окуядан кийин жаңы батир таап бергенин жарылаган.