Бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Төрага Дастанбек Жумабеков мыйзамдын 8-беренесиндеги камсыздандыруу учурларынын айрым бөлүктөрү жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгы үчүн жазылып калганын белгиледи. Мындай мыйзам туура эмес экенин белгилеп бул мыйзам долбоорун комитетке жиберүүгө сунуш берди.