Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байге тагынды.

Эл өкүлү Икрамов 70 кг салмак ченинде килемге чыгып, Венгрия, Финляндиянын балбандарын жеңген. Жарым финалда ирандык балбан Азад Алимохаммадпурга жеңилип калды. Ал эми үчүнчү орун үчүн Түркиянын балбаны менен бет келип, аны 4:0 эсебинде утуу менен коло байгеге ээ болду.

Мелдеш 8-13-октябрь күндөр аралыгында Грузиянын Тбилиси шаарында өтүүдө. Катышуучулар жаш курагына жараша 5 дивизионго бөлүнгөн.

Мындан тышкары 88 кг салмакта күрөшкөн кыргызстандык Бердикул Караев каршылаштарын көтөрүп чаап, натыйжада күмүш тагынды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: