“Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинен өткөндөрдүн саны кескин көбөйдү. Себеби?

65

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиргендей, Ош — Анжиян автобустук каттамынын ачылышы менен кыргыз-өзбек чегиндеги “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинен өткөн жүргүнчүлөр менен жүктүн көлөмү көбөйдү.

Аталган чек ара бекетинен 18 миңге чейин киши өтүп жатат. Дем алыш күндөрү чек арадан өткөндөрдүн саны 24 миңге чейин жетет. Паспорт текшерген 22 кабинанын үчөө Ош-Анжиян жана Анжиян-Ош каттамын текшерүүдө.

Кишилердин көбөйгөнүнөн улам чек арада паспорт текшерген 11 кабина иштей баштады.

Ош-Анжиян автобустук каттамы быйыл 25-сентябрдан тарта иштей баштаган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь